Ссылки доступа

ЕККУ Казакстанда жарандык активисттердин соттолушун сынга алды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Казакстанда эки жарандык активист жана блогерлердин соттолушун айыптады.

Ал муну менен өлкөдө сөз эркиндиги дагы бир ирет кысымга алынганын белгиледи.

22-январда Алмата сотунун чечими менен жарандык активисттер Серикжан Мамбеталин эки жылга, Ермек Нарымбаев үч жылга абакка кесилген эле. Алар кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптардын негизинде күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле эки активистке жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынды. Айыпталуучулар өздөрүнө тагылган күнөөлөр менен макул болбой, муну саясий негиз менен байланыштырууда.

Ага чейин Казакстанда блогерлер Игорь Сычев менен Ермек Тайчибеков соттолгон. Дагы бир жарандык активист Болотбек Блялов үч жылга шарттуу кесилген. Журналисттер Гүзел Байдалинова жана Юлия Козлова кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу сурак берип жатканы айтылат ЕККУнун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG