Ссылки доступа

НАТО орусиялык пропагандага каршы чара көрүүнү көздөөдө


НАТО кубаттуу жаңы байланыш кызматы жана жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен Кремлдин 2014-жылы Крымды басып алганындай “маалыматтык согушуна” каршы күрөшүүнү көздөп жатат.

Европа Биримдиги менен НАТО Орусиянын өз кызыкчылыгын көздөгөн жалган маалыматтарды таратууда телекөрсөтүү менен интернетти пайдалануу жөндөмүнө тынчсызданууда. Орус бийлигинин бул өңдүү саясаты туура эмес кабарды атайын таратып, элдин аң-сезимин таасир этүү аракети катары бааланып жатат.

Буга байланыштуу Евробиримдик былтыр Москванын ачык-айкын эле жүргүзүлүп жаткан пропагандасына каршы туруу үчүн атайын бөлүм ачкан.

Анын алкагында НАТО да маалыматтарды, сүрөттөрдү иликтеп, ашкерелөө аракетин көрө баштайт. Эки жыл мурун Орусия Крымга киргенде НАТО Украинанын чек арасына жакын жерде орустардын көбөйүп жатканы тууралуу сүрөттөрдү сунуштаган. Бирок, коммерциялык спутниктен тартылган сүрөттөр аннексиядан бир ай өткөндөн кийин жарыяланып калган.

НАТОнун мындай мүдөөсүн Улуу Британия жана башка мамлекеттер кубаттады. Анткен менен Америка Кошмо Штаттары пропагандага байланыштуу кандай стратегия болбосун, аяр мамиле жасоо керек, деген пикирди карманууда.

Орусия өз саясатын туура деп көрсөтүү үчүн мамлекеттик жана чет элдик маалымат каражаттарына чоң суммадагы акча салган. Москванын буюртмасы менен чет мамлекеттерде да жүздөгөн журналисттер иштеп жатканы белгилүү. Орус тарап интернетте, Twitter сыяктуу социалдык түйүндөрдө да жигердүүлүк менен маалымат таратып келет.

XS
SM
MD
LG