Ссылки доступа

Тажикстанда Үй-бүлө кодекси кайчы пикир жаратууда


Өлкөдө Үй-бүлө кодексине киргизилген толуктоолордо туугандардын никеге турушуна тыюу салуу маселеси камтылган.

Ошондой эле нике келишимин түзөрдүн алдында милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүү талабы жазылган. Түгөйлөр жарандык никени каттоо кызматына генетикалык экспертиза тууралуу маалымдама менен барууга тийиш.

Дарыгерлер документ ар кандай ооруларга чалдыккан балдардын санын азайтууга өбөлгө болорун билдирип жатышат. Алардын маалыматына таянсак, 25 миңден ашуун ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 30-35 пайызынын майып болушуна жакын туугандар арасындагы нике себеп болгон. Сөөк жаңыртуу максатында бөлөлөрдүн же башка тууган-уруктардын бири-бирине үйлөнүп алган учурлары айыл жергесинде, алыскы аймактар менен улуттук азчылык өкүлдөрүнүн арасында көп кездешет. Аларда тааныбагандар менен үй-бүлө түптөө адаттан тыш көрүнүш.

Тажик коомунда бул саясаттын алкагындагы медициналык экспертиза аркылуу бийлик жөнөкөй жарандардан акча чогултууну максат кылып жатат деген көз карашты айткандар да бар. Экспертизанын баасы азырынча бычыла элек. Бирок арзан болбой турганы болжолдонууда.

Анткени текшерүүчү атайын жабдуулар Европа менен АКШдан алып келине турган болууда.

Үй-бүлөлүк кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, никеге тургандардан медициналык кароодон өтүү жана ден-соолугунун бекемдиги жөнүндө маалым кат да алуусу талап кылынмакчы. Жугуштуу илдеттер табылгандар, анын ичинде ВИЧ, гепатит жана башка дартка чалдыккандарга үй-бүлө курууга тыюу салынбайт, бирок аларга өз ойлорунан кайтуу тууралуу кеп-кеңеш берилмекчи. Тажик парламенти тиешелүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү 13-январда жактырган.

XS
SM
MD
LG