Ссылки доступа

Атай Өмүрзаков Париждеги дүйнөлүк фестивалга катышууда


Кыргызстандык таланттуу бийчи Атай Өмүрзаков жана анын шакирттери Парижде өтүп жаткан Du Cirque de dimain аттуу эл аралык кароо-сынакта ат салышууда. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында жазды.

Өмүрзаковдун билдирүүсүндө, француз башкалаасындагы фестивалга дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты таланттар чогулган. Ага Кыргызстандын өкүлдөрү алгачкы жолу катышып жатат. 28-январда башталган иш-чара 31-январда аяктайт. Du Cirque de dimain фестивалы бий жана цирк чеберлеринин башын бириктирет.

26 жаштагы Атай Өмүрзаков беш жыл мурун Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип, экинчи орунду ээлегенден кийин атагы чыккан. Андан кийин бир топ эл аралык сынактарга катышып, дүйнөнү таң калтырып, багындырган. Ал бийдин заманбап түрү менен алектенет. Өзү түзгөн "Тумар" бийчилер тобу менен бирге эл аралык кароо-сынактарга байма-бай катышып келүүдө.

XS
SM
MD
LG