Ссылки доступа

Париждеги «Диснейлендде» куралдуу адам кармалды


Париждеги «Диснейленд» оюн-зоок борборунда эки тапанчаны огу менен жана Куран китебин алып жүргөн адам кармалды.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, ал аталган көңүл ачуу жайына таандык мейманканага келип, күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтүп баратканда куралы бар экени белгилүү болгон. Жанынан Куран китеби да табылган. Документтеринде анын Париждин жашоочусу экени жазылган. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Укук коргоо органдары кармалган адам өз коопсуздугун коргоо үчүн курал алып жүргөнүн айтып бергенин, теракт жасоо ниети бар болгону тууралуу далил жок экенин билдирди.

Париждеги «Диснейленд» эс алуу паркы борбордон 30 километр алыста орун алган. Европадагы эң белгилүү оюн-зоок жайларынын бири. 2014-жылы ага 10 миллиондой адам келген. Франциянын баш калаасында былтыр ноябрдагы 130 адамдын каны төгүлгөн теракттан бери коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG