Ссылки доступа

Түркия менен Орусиянын алакасы кайрадан курчуп баратат


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Орусиянын согуштук учагы өз өлкөсүнүн аба мейкиндигин бузганын жарыялады.

Бул үчүн далил жетиштүү экенин Давутоглу Эр-Риядда өткөн басма сөз жыйында билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу болсо Орусияга тиешелүү далилдер жиберилгенин маалымдады.

Мындан мурда расмий Анкара 29-январь күнү орус учагы англис, орус тилдериндеги эскертүүлөргө карабастан түрк аба мейкиндигин бузгандыгын билдирип, Москваны эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптаган. Жума күнү Анкарадагы орус элчисине нааразылык айтылган. Түркия эгерде орус тарап дагы бир жолу мындай эреже бузууларга барса, катуу жооп кайтарыларын байма-бай эскертип жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги Анкаранын орусиялык учак Түркиянын аба мейкиндигин бузду деген билдирүүсүн четке кагып, мындай айыптоону жөнү жок жаманатты кылуу аракети катары сыпаттады.

Былтыр октябрдын этегинде Түркия тарап Сириянын үстүнөн орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн соң бул эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кеткен. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Москва өз дарегине айтылган айыптарды четке кагып, Түркия менен визасыз эрежени жокко чыгарып, экономикалык санкцияларды киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG