"Биз Европада НАТО боюнча шериктештерибизди колдоону чыңдайбыз", - деди Картер 2-февралда Вашингтондо сүйлөп жатып. Анын айтымында, бул каражат Еврпадагы союздаштар менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү, инфраструктураны оңдоо сыяктуу иштерге жумшалат.
Картер Пентагондун бул бюджеттик суроосу Конгресс менен болгон мамлекеттик бюджет тууралуу былтыркы келишимге шайкеш келерин коушмчалады.