Ссылки доступа

Рамзан Кадыров: "Президенттик мөөнөттүн аяктап жатканы эсимде жок"


Чечен президенти Рамзан Кадыров өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн бүтүп жатканын унутуп койгонун, муну журналисттер эсине салганын билдирди.

Кадыров Инстаграмдагы баракчасына кийинки президенттик шайлоого катышуу тууралуу бир чечимге келе электигин, анткени мындай маселелерге убактысын короткусу келбей турганын жазды.

Ошондой эле президенттикке талапкерди биринчи Орусиянын лидери тандашы керектигин кошумчалады.

Рамзан Кадыров Орусиянын карамагындагы Чеченстан Республикасын 2007-жылдан бери жетектеп келатат. Анын ыйгарым укуктары быйыл 5-апрелде аяктайт. 2012-жылы Чеченстандын Баш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттикке талапкерлер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүп, шайлоо жалпы добуш берүү күнүндө - 18-сентябрда өтүүгө тийиш.

Соңку кезде Кадыров орус оппозициясын байма-бай мазактап жатканы маалым. 12-январда ал оппозиция өкүлдөрүн “эл душмандары” жана “чыккынчы” деп атаган. 31-январда болсо Михаил Касьянов менен кенже Кара Мурзаны көз менен мээлеп жатканы тууралуу шылдың, эскертүү жана опуза камтылган видеороликти Инстаграмга жайгаштырган. Евробиримдиктин Орусиядагы элчиси Вигаудас Ушацкас чечен лидеринин бул сыяктуу кадамдарына көңүл буруп, аны тез арада тыюуга орус бийлигин чакырган.

XS
SM
MD
LG