Ссылки доступа

Орусия Тажикстандагы аскердик базасын чыңдайт


Ооганстандан туулган коркунучтарды эске алуу менен Орусия тажик армиясын жана өзүнүн аскердик базасын курал-жарак, техника менен колдон келишинче камсыздайт.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов Дүйшөмбүдөгү сапары учурунда билдирди. Анын айтуусунда, орус тарап Тажикстанды башкы өнөктөштөрүнүн бири деп эсептейт. Мындан улам коопсуздукту сактоо үчүн тажик армиясын техника менен жабдуу багытындагы кызматташуусун улантат.

Антонов Орусия Тажикстандагы 201-аскердик базаны чыңдоого да көңүл бөлүнө турганын белгиледи.

Буга чейин расмий Дүйшөмбү Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча убадалары аткарылбай жатканын бир нече ирет жарыялаган. Ошол эле маалда Орусия 201-аскердик базасын заманбап курал-жарак, техника менен тынымсыз камсыздап, жаңылап жатканы маалым.

XS
SM
MD
LG