Ссылки доступа

Түркмөнстан чочко тумоосу менен күрөшүүдө 


Түркмөнстанда быйыл январда чочко ылаңынан 10 адам каза болгон.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы маалымдагандай, вирустун жайылышы өзгөчө өлкөнүн чыгыш тарабында байкалууда.

Адистер вирус Түркия жана Орусиядан келгенин, анткени ушул мамлекеттер менен Түркмөнстандын аба байланыштары көп экенин айтып жатышат. Коңшу өлкөлөр менен Түркмөнстандын автоунаа же темир жол каттамдары жок.

Дарыгерлер алдын алуу иштерин жүргүзүп, мектеп, бала-бакчаларда балдарды оксолин майын колдонууга үйрөтүүдө. Азыр дарыканаларда аталган майжана тумоого каршы дары-дармектер дажетишсиз болууда.

Түркмөн аба майдандарында чочко ылаңына байланыштуу текшерүүлөр күчөтүлдү.Буга чейин өкмөт башчынын саламаттык сактоо тармагын көзөмөлдөгөн орун басары Сапардурды Тойлыев өлкөдө чочко тумоосуна чалдыккандар жок экенин маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG