Ссылки доступа

Кыргызстанда Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери иштөөдө


Кыргызстанга ветеринардык абалды, мыйзамдык базаны жана жалпы системаны иликтөө үчүн Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери келишти.

Бул тууралуу Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтуусунда, эл аралык эксперттер 12-февралга чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, жергиликтүү адистер менен жолугуп, абал менен таанышат. Анын жыйынтыгында бир айдын ичинде өздөрүнүн баасын беришет.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ветеринардык жана фитосанитардык талаптар күчөдү. Кыргызстанга карата биримдиктин ветеринардык чектөөлөрү алына элек.

XS
SM
MD
LG