Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби Орусиянын козголоңчулардын турумдарына абадан сокку уруп жатышы, гуманитардык жүк ташылган жолдорго бомба таштоосу Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистураны жыйындын убактылуу токтогонун жарыялоого мажбурлаганын билдирди.
Жон Кирбинин айтуусунда, орусиялык аба күчтөрдүн Алеппо шаарындагы жана анын четиндеги чабуулдарына байкоо жүргүзүлүүдө. Соккулар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы эмес, оппозицияга жасалууда. Андан мерт кеткен карапайым жашоочулар көбөйүп, жер которгондордун катары да калыңдап жатканы байкалууда.
Шаршембиде Стеффан де Мистура Сирия өкмөтүнүн делегациясы жана оппозиция өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолуккандан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрдө “утурумдук тыныгуу” жарыяланганын билдирген. Жарандык согушту токтотууну максат кылган жараян ушул айдын аягында кайра жанданышы керек.