Ссылки доступа

Кыргызстандын тышкы карызы 169 миллион долларга көбөйдү


Бул тууралуу бейшембиде маалымат жыйында финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы өткөн жылы дээрлик беш пайызга көбөйгөн. Бул 169 миллион долларды түзөт. Муну менен Кыргызстандын тышкы карызы жалпысынан 3,6 миллиард доллардан ашуун деп эсептелди. Ал эми өлкөнүн ички карызы 15,5 миллиард сомго жеткен.

Министрликтин маалыматына караганда, насыялардын 98% ашууну жеңилдетилген шартта алынган. Бирок доллардын курсунун өсүүсү сырткы карызды төлөөдө оорчулук жаратууда.

XS
SM
MD
LG