Ссылки доступа

Тажикстанда аңчылыктын лицензиясы кымбаттады


Өлкөнүн түштүк тарабында көбөйүп кеткен тоо текелерге аңчылык үчүн лицензиянын баасы 40 миң доллардан 55 миң долларга жогорулады.

Тоо текенин эти Тажикстанда абдан бааланат. Бул тууралуу Хатлон облусунун Жаратылышты коргоо башкармалыгынан кабарлашты. Лицензия менен бирге сейрек кездешүүчү бул жандыкты атууга болгон квота да көбөйдү.

Былтыр аймакта үч тоо текени атууга уруксат берилсе, быйыл 5өөнү атууга болот. Тажикстанды байырлаган тоо текенин саны 1400гө жакын.

XS
SM
MD
LG