Ссылки доступа

Киев: Майдандагы кыргынды Янукович уюштурган


Украинанын Башкы прокурору Виктор Шокин 2014-жылдын февралындагы Майдан аянтындагы кыргынды уюштурууга мурдагы президент Виктор Януковичтин катышы бардыгын «Интер» телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтуусунда, Януковичтин үстүнөн козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктап калды. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал токтогондон кийин Виктор Янукович жоопко тартылат, деген ишенимин кошумчалады.

Киевдин Майдан аянтындагы нааразылык акциялары 2013-жылдын 21-ноябрында ошол кездеги бийлик Евробиримдик менен биригүү тууралуу келишимге кол коюудан баш тарткан соң башталган. 2014-жылдын январь-февраль айларында активисттер менен милициянын кагылышуусу болуп, Украинанын Саламаттык сактоо министринин маалыматы боюнча 105 адам каза тапкан. Өлкөнүн азыркы бийлиги Януковичти көзгө атарларга каршылык акцияларынын катышуучуларын атууга буйрук берген деп айыптоодо.

Ал эми Янукович өзүнө коюлган күнөөлөр менен макул эмес. Буга чейин BBCге берген маегинде ал эки жыл мурдагы окуяларга бийликти басып алууну максат кылган радикалдар жооптуу экенин айткан.

XS
SM
MD
LG