Ссылки доступа

Керри: “Орусия Сирияда тынчтык орнотуу аракетин татаалдаштырууда”


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын аракеттери Сириядагы беш жылдан бери уланып жаткан жарандык согушту сүйлөшүү жол менен токтотууга жолтоо болуп жатканын кечээ жарыялады.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын абадан колдоосу менен козголоңчулар ээлеген бир канча аймактарды курчап алууда. Муну менен Бириккен улуттар уюмунун төрагалыгы алдында Женевада өткөн аптада боло турган тынчтык сүйлөшүүлөр белгисиз убакытка артка жылды.

Бүгүн Жон Керри Мюнхенде Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушары күтүлүүдө. Лавров Москва Сириядагы согушка чекит коюу боюнча Вашингтонго жаңы сунуштар берилгенин билдирди. Бирок алардын жөнөкөй экенин айтуу менен гана чектелди.

XS
SM
MD
LG