Ссылки доступа

Түркмөнстанга чыгып-кирүү оңойго турбайт


Былтыр Түркмөнстандын консулдук мекемелеринде өлкөгө кирүү үчүн 913 виза берилген.

Алардын арасында ата-энелеринин, туугандарынын көрүстөндөрүнө баруу жана туристик максатта ачылган визалар да бар. Ошондой элеТүркмөнстанга өзгөчө чакыруу менен да келген дипломаттар, расмий делегациялардын, бизнестин өкүлдөрү да кирет. Мындайлардын саны да миңден ашпай турганы айтылууда.

Өлкөгө кирүү үчүн виза ачтыруу оңой эмес. Өтүнүчү канааттандырылбагандардын саны уруксат берилгендерге караганда алда канча көп деген маалымат бар.

Түркмөн жергесинен чыгуу да кыйынчылык менен коштолот. Өлкөдөгү Эркин адвокаттар бирикмесинин билдирүүсүндө, 13 миңден ашуун адамга сыртка чыгууга тыюу салынган. Тизмеге армияда кызмат өтөбөгөн жана паспорт ала элек жарандар кирген эмес.

Жаштар себепсиз эле өлкөдөн чыгарылбашы да мүмкүн. Мисалы, чек ара кызматкери кыздар чет өлкөгө денесин сатууга, балдар Түркия аркылуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы баратат деген жеке ою менен сыртка өткөрбөй койгон учурлар кездешкен.

XS
SM
MD
LG