Ссылки доступа

Лондондогу кымбат баалуу үйлөрдүн көпчүлүгү чет элдик олигархтарга таандык (Видео)


В Лондоне начали проводить экскурсии "по местам олигархов"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Лондондо журналисттерге олигархтардын пентхаустарын жана үйлөрүн кыдыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Анын жүрүшүндө Орусиянын вице-премьери Игорь Шуваловдун батири көрсөтүлдү. Анын баасы Шуваловдун расмий жылдык маянасынан 100 эсе кымбат турары белгилүү болду. Лондондогу эң кымбат батир Украинадагы байлардын бири Ринат Ахметовдуку. Гайд-Парк дарегинде жайгашкан пентхаустун баасы 136 миллион фунтка бааланып, ок өтпөс терезелер жана жашырынуучу жайлар менен камсыздалган.

Ал эми бир нече миллион фунтту чапчыган Белгрейв-сквердеги №5 үй орусиялык бай Олег Дерипаскеге тиешелүү. “Форбс” журналы аны Путиндин сүйүктүү өнөр жайчысы деп атап, байлыгы 2 миллиард доллардан ашык экенин маалымдаган.

Улуу Британиянын баш калаасындагы эң кымбат делген Челси районундагы 3 миллион 300 миң фунттук турак-жай да Путиндин эзелтен досторунун биринин уулу Роман Роттенбергге таандык. Бирок ал үй алуу үчүн акчаны мыйзамдуу түрдө, өз мээнети менен тапканын билдирип келет.

Лондондогу бир катар имараттарга, анын ичинде метролордун биринин мурдагы станциясына Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин жакын санаалаашынын баласы Дмитрий Фирташ ээлик кылат. Фирташ азыр Австрияда башкалкалап жүрөт. АКШ бийлиги аны паракорлук боюнча айыптап, экстрадициялоону талап кылууда.

(Каалоочулар үчүн бул жаңылыктын логотиби жок, таза видеосу бар)

XS
SM
MD
LG