Ссылки доступа

Хожентте мечиттер чайкана менен бала бакчаларга айланат


Тажикстандын Хожент шаар башкармалыгы ашыкча мечиттерди башка жайларга айлантууну максат кылууда.

Мэр Ражаббой Ахмадзода шаардагы расмий эмес жана туура эмес салынган мечиттердин ордуна тигүү цехтерин, чайкана же бала бакчаларды иштетүү тапшырмасын тиешелүү мекемелерге берди.

Анын айтымында, бир мааледе 2-3төн мечит бар, алардын аралыгы 50-100 метрден ашпайт. Андыктан мындай мечиттерди жергиликтүү органдардын балансына өткөрүү чечими кабыл алынды. Эгер имарат кенен болсо, бала бакча катары иштей баштайт. Бул кадам аркылуу элди жумуш менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Ошону менен бирге мэр исламдын эрежелерин билбеген имамдарды сынга алды. Азыркы учурда Хожент шаарында 45 мечит бар. Былтыр Согди облусунда 108 мечит маданий борборлор, оорукана, бала бакча жана айылдык кеңештерге айлантылган.

XS
SM
MD
LG