Ссылки доступа

Дубайга ири суммадагы акча которгон тажик жараны кармалды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Дүйшөмбү шаарынын 25 жаштагы тургуну чет элдик валютаны мыйзамсыз которуу менен алектенди деген шек менен камакка алынды.

Ал башкалаанын Борбад көчөсүндө жайгашкан даректе уруксат кагазы жок чет элдик валюталарды алмаштыруу менен шугулданганы айтылды. Кармалган адам 2015-жылдын 12-декабрынан тарта 2016-жылдын 21-январына чейин 800000 долларды Дубайга которгону аныкталды. Ошол эле маалда Дубайдан Дүйшөмбүгө 200000 доллар кабыл алган. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

Буга чейин Тажикстанда акча алмаштыруучу жайлар жабылып, мыйзамсыз валюталык операцияларды жүргүзгөндөрдү жазалоо эрежеси күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG