Ссылки доступа

Өзбекстандын Жазуучулар союзу 26 акын-жазуучуну катардан чыгарды 


Жазуучулар союзунун чечимине президент Ислам Каримовдун “Адабиятка көңүл буруу – болочокту руханий жактан азыктандыруу” деп аталган кайрылуусу түрткү болгон.

Ага ылайык, мындан ары Жазуучулар союзуна коомдун алдындагы жоопкерчиликти сезе билген каарман адамдар гана мүчө боло алат.

Тизмеден алынгандардын арасында өзбек эл акыны Хуршид Даврон, жазуучу Саломат Вафо, акындар Нортухта Кылыч, Хамракул Аскар жана Сулаймон Рахмон бар. Ошондой эле Мамадали Махмудов (Эврил Турон), чет мамлекетте баш калкалап жүргөн Мухаммад Салих сыяктуу өзбек адабиятынын белгилүү өкүлдөрү, оппозициялык көз караштары үчүн бийликтин куугунтугуна алынып, өлкөдөн чыгып кетишкен Батыр Норбой, Ядгар Абид, Юсуф Жума да катардан чыгарылды.

Жазуучу Мамадали Махмудов бийликтин идеологиясын жайылтуунун куралына айлаган бирикмеден чыгып калганына өкүнбөй турганын билдирди. Ал Өзбекстанда чындыкты жазган чыгармачыл инсандардын кыйын тагдырга кабылышы адатка айланганын кошумчалады.

Видео

XS
SM
MD
LG