Ссылки доступа

Түркмөнстан: президенттин мөөнөтү узартылат


Түркмөнстанда президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу жана талапкерлердин курагы боюнча талаптарды алмаштыруу максатында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр талкууланууда.

Бул тууралуу мамлекеттик маалымат булактары кабарлашты.

Анда президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу, мамлекет башчынын жашы 70тен ашпоого тийиш деген жобону жокко чыгаруу маселеси камтылган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынса, соңку тогуз жылдан бери тизгин кармап келаткан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги бекемделе турганы күтүлүүдө.

58 жаштагы Бердымухамедовдун беш жылдык ыйгарым укуктары 2017-жылы аяктоого тийиш.

Түркмөнстанда Башмыйзамды өзгөртүү тууралуу талкуулар Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго шайлоого чектөөсүз катышууга уруксат берүү сунушу жалпы элдик добушка коюлары жарыяланып, анын убактысы белгиленгенден кийин башталды.

XS
SM
MD
LG