Ссылки доступа

Ташкендиктер бак-дарактардын кыйылышына нааразы (видео)


Ташкен шаарынын Чиланзар конушундагы 8-кичи райондун жашоочулары көп кабаттуу турак-жайлардын жанындагы картайган чынар теректердин кыйылышына нааразылык билдиришүүдө.

Отургузулганына 60 жылдан ашкан чынарларды кыйып, анын ордунда автоунаа токтотуучу жай менен эки үй курууну шаардык бийлик чечкен. Ага ылайык, жалпысынан 182 бак жок кылына турган болууда. Жергиликтүү жашоочулар болсо чынар теректер жайында балдар аянтчалары менен короолорго көлөкө берип турганын айтышат.

Дарактардын кыйылып жатканы тартылган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Fergananews.com сайтында элдин куруучулардан дарактарды жок кылууну токтотууну талап кылган видеосу жарыяланды. Бак-дарактарды кыйууга каршы 300гө жакын кол топтолду. Анткен менен ташкендик көз карандысыз журналист Сид Янишев калктын нааразылыгынан майнап чыга электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG