Ссылки доступа

Тажикстандын популярдуу ырчысы аныкталды


Тажикстандын эң популярдуу ырчысы деп Нигина Амонкулова табылды. Ага Z-Analytics Group жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 14 пайызы добуш берген.

Экинчи орунду 6 пайыз менен Зиёвиддин Нурзод, үчүнчүнү орунду Садриддин Наджимиддин, Афзалшо Шоди жана Нозияи Кароматулло ээлешти.

Z-Analytics Group уюму билдиргендей, жалпысынан катышуучулар 167 ырчынын ысымын аташкан. Ар бир алтынчы жаран (15 пайызга жакын) сүйүктүү ырчысы жоктугун айткан. Сурамжылоо 24-декабрдан 14-январга чейин телефон аркылуу жүрүп, өлкө боюнча 900 адамдын пикири суралган.

Бир нече жыл мурун “Күзгү” аттуу талдоо борбору тажик ырчыларынын рейтингин аныктаган. Анда дагы эң сүйүктүү ырчы катары Нигина Амонкулованын ысымы аталган болчу. Ал кезде 15 пайыз добушка ээ болуп, мыкты 10 ырчынын катарынан орун алган.

Бул ирет иликтөө маалында эң таанымал улуттук тамак-аштар да аныкталды. Пикирин билдирген тажик жарандарынын 44 пайызы мурдагыдай эле палоону жакшы көрүп, күнүмдүк турмушта көп колдоно турганы белгилүү болду. Экинчи сапка шорпо, үчүнчүгө манты чыкты. Куурулган этке 5 пайыз, шишкебекке 2,5 пайыз добуш берилген. Тизменин артында шакарап менен курут калган.

XS
SM
MD
LG