Быйылкы жылдын бюджетинде мекемеге үч триллиондон ашык рубль бөлүнгөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4 пайызына барабар. Ошентип, каатчылыктан улам кыскартуулардын көлөмү 160 миллиард рублды түзмөкчү. «Ведомости» басылмасы жазып чыккандай, негизинен мамлекеттик буюртмаларга кеткен акча 150 миллиарддай рублга азайтыла турган болууда. Мындан тышкары флоттор менен авиацияны жөнөкөй курал- жабдык менен жабдуу, кургактагы күчтөргө сарпталган каражаттар үнөмдөлөт. Ал эми Орусиянын Сириядагы операциясына кеткен чыгым ошол бойдон калат.
Орусия экономикалык каатчылыкты баштан кечиргенден бери коргоо министрлигинде буга чейин да кыскартууларга барган. Былтыр тармактын бюджети 3,8 пайызга кесилген эле.