Ссылки доступа

АКШдан кайткан өзбекстандыктар камакка алынууда


АКШда жашап, иштеп мекенине кайткан өзбекстандык ондон ашуун адам Ташкент облусунда камакка алынды.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, 14 кишини ислам дининин “салафи” агымына мүчө деген шек менен Улуттук коопсуздук кызматы кармаган. Алардын айрымдары үч жыл мурун, кээ бирлери жакында АКШдан келген.

Колго түшкөндөрдүн жакындарына бул тууралуу эч кимге маалымат бербөө эскертилген.

Өзбекстанда чет элге барып келген, шарият амалдардын карманган кишилерди камоо 2015-жылдын ноябрында башталган. Бул өлкөдө сыртка чыгып келип, түз эле темир тор артында түшкөндөрдүн саны 200дөн ашканы айтылат.

XS
SM
MD
LG