Ссылки доступа

АКШ менен Орусия Сирия боюнча келишимди талкуулады


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу байланышып, Сириядагы ок атышууну токтотуунун алдын-ала шарттарын сүйлөшкөнүн билдирди.

Анын негизинде Сирияда элдешүү жараяны жакынкы күндөрү башталышы ыктымал. Бул тууралуу Керри Иорданиянын баш калаасы Амманда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Керринин айтымында, жакынкы күндөрү тынчтыкка жетишүүнүн шарттарын АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын лидери Владимир Путин талкуулайт.

Мамлекеттик катчы аскерий жол менен Сирия кризисин чечүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын баамында, Орусия Иран жана Сирия бийлиги менен сүйлөшүүгө тийиш. Ал эми Америка оппозициячыл топторду эпке келтирүү аракетин көрөт.

Өткөн аптада Сирия кризисин жайгаруу боюнча Керри менен Лавровдун катышуусунда жыйын өтүп, анда ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөн. Он сегиз мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон документке ылайык, элдешүү жараяны өткөн апта соңунан кечикпей күчүнө кириши керек эле. Бирок иш жүзүндө бул максат ишке ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG