Ссылки доступа

Акимов өзүнө кол салуу үчүн министрди айыптады


Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов өзүнө уюштурулган кол салуу артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын айтууда.

Бул пикирине азырынча негиздеме айтпай, өзүнө же жакындарына зыян келтирилсе, Турганбаев менен мурда болгон сүйлөшүүсүн интернетке чыгарарын бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Журналист министрдин жардамчысы менен да сүйлөшүүлөрү жазылганын белгилейт. Маалыматка караганда, кол салууга эл аралык чуулгандуу окуялардын бири себеп болгон. Бул окуяга байланыштуу президенттик аппараттын башчысына кайрылып, коопсуздугун сактоону, курал алып жүрүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Башына темир менен чаап, бирок журналист каршылык көрсөткөндөн кийин качып кеткен. Окуяда Акимовдун чыпалагы сынган. Кылмышты иликтөөнү президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Бирок журналист ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүнү суранууда. Турат Акимов учурдагы бийликти сындаган макалаларды жазып жүрөт.

XS
SM
MD
LG