Ссылки доступа

Керри: Сирияда тынчтыкты орнотуу келишими аткарылууга тийиш


Эгерде Дамаск менен Москва Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотуу тууралуу макулдашууну аткарбаса, Вашингтон экинчи планды жарыялайт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынында сүйлөгөн учурда билдирди. Анын айтуусунда, жакында беш жылдык согушту токтотуу боюнча Орусиянын чыныгы ою кандай экени билинет. Москванын аракеттери аркылуу анын мүдөөсү аныкталат. Буга чейин АКШ менен Орусия Сирияда тынчтык орнотуу тууралуу бир пикирге келип, алдын ала план түзүшкөн. Ага ылайык, аскерий аракеттер 27-февралдын түн ортосунан тарта токтошу керек. Мындан бир күн мурда Сирияда өз ара каршылашкан топтор Орусияга же АКШга ок атышууну токтотууга даярдыгын кабарлоосу зарыл. Бирок бул эреже өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алган топ сыяктуу террордук уюмдарга тиешелүү эмес. Башкача айтканда, аларга каршы соккулар улана берет.

Ал арада Сирияда салгылашуулар токтобой жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы “Ислам мамлекетинин” согушкерлери Алеппонун тундүгүндөгү өкмөттүк күчтөр колдонгон жолду кесип, Ханасер шаарын басып алганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG