Ссылки доступа

Астанада спорттук чоюн үчүн үй сунушталууда


Борбор Азия өлкөлөрүндө советтик спорттук чоюндарга байланышкан дүрбөлөң дале токтой элек.

Казакстанда сайттарда жана социалдык тармактарда бир гиря үчүн 10 миң долларга чейин акча сунушталууда. Алардын арасында Астанадагы үйлөрүн дагы берүүгө даяр жарандар да чыкты.

Мындай жарыялардан кийин көптөгөн казакстандыктар алып-сатуудан акча табуу максатында дүкөндөрдөн спорт чоюндарын сатып алууга ашыгууда.

Актоо шаардык фитнесс-клубдун машыктыруучусу КТК телеканалына берген маегинде бир чоюн үчүн $700 сунушталганын билдирди.

Казакстандын Маңгыстоо облусунда болсо үйлөрдөн чоюндарды уурдаган учурлар да кезигип жатат. Полиция кылмыш ишин ачып, кылмышкерди издөөдө.

Бирок чоюн сатып байыгандар тууралуу маалыматтар жок. Кээ бир жарандар чоюндарды кымбат сатып алышып, эми аны сата албай убара тартып жүрүшөт.

Бүгүнкү күндө чоң суммадагы акчага тез арада чоюн сатып алуу тууралуу көпчүлүк жарыялар алып салынды. Бирок сатылат деген жарыялар дагы эле көп.

Жалпыга маалымдоо каражаттары муну алдамчылардын аракети катары баалашууда. Бир ай мурун ушундай эле көрүнүш Тажикстанда болгон.

XS
SM
MD
LG