Ссылки доступа

Тажикстанда “Улут көсөмү” атындагы жемиш багы пайда болду


Тажик президенти Эмомали Рахмондун урматына “Улут көсөмү” деп атала турган чоң жемиш багы Хатлон облусунун Хорасан районунда жайгашкан.

Алгачкы көчөт отургузуу иштери шейшембиде президенттин катышуусунда өттү. Жемиш багынын аянты 160 гектарга созулат. Эмомали Рахмон алма көчөтүн тикти. Болочокто миндеген жемиш жана башка бак-дарактар отургузулмакчы.

Жаңы бак «Асадулло» багбандар чарбачылыгынын аймагына кирет. Алты жыл мурун аталган чарбанын өкүлдөрү 1700 гектарга жүзүм жана башка жер-жемиштерди өстүрө баштаган.

Бийликтин оппоненттери “Улут көсөмү” аттуу жаңы бакты түптөө аракети президенттин керт башына сыйынууга дагы бир ирет күбө болуп жатканын билдирүүдө. Ошондой эле жагалдануу катары бааланган мындай демилгелер өлкөнүн эл аралык чөйрөдөгү аброюна көлөкө түшүрөт деген пикирде.

Тажикстанда президенттин керт башына сыйынуу көндүм адатка айланып баратат. Былтыр Дүйшөмбүдө 30 акындын Рахмонду мактаган чыгармалары топтолгон «Жол башчы» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Мындан тышкары аткаминерлер президенттин жер-жерлерге болгон сапарын утурлай жаш балдардан тартып чоңдорго чейин мактоо ырларын окуп, ырдап берүүгө даярдай турганы да ачыкка чыккан. Эмомали Рахмон келгенде баары колун көкүрөккө коюп тосуп алууга милдеттүү. Анын сапарынын алдында атайын топ келип, элди окутуп-үйрөтө турганы да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG