Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшүүнүн натыйжасында, 146 кой Кыргызстанга кайтарылды. Кийинчерээк дагы 80 кой, үч эчки жана 17 козуну өткөрүп беришти.
Чек ара кызматы маалымдагандай, мал уурдоого шектелип үч киши кармалган, алардын бирөө издөөгө алынды. Кармалгандардын экөө кыргызстандык жарандар, бирөө өзбекстандык.