Ссылки доступа

Кыргызстандыктар быйыл 58 өлкөгө визасыз эреже аркылуу кире алышат 


Кыргызстан жарандары үчүн 2016-жылы 58 өлкөгө виза толтурбай эле баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мындай маалымат Henley & Partners компаниясынын сайтында жарыяланды. Аталган компания 200дөн ашуун мамлекеттеги визага байланышкан маселелерди изилдеп чыккан.

Ага ылайык, Кыргызстан визалык чектөөлөр боюнча тизмеде 79-орунга чыкты. Мамлекеттердин орду жарандар визасыз кирген өлкөлөрдүн санына жараша аныкталат.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, азыркы учурда Кыргызстанга 45 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат. Муну менен бийлик туризмди өнүктүруп, инвестиция тартуу аракетин көрүүдө.

Henley & Partners компаниясы он жылдан бери дүйнөдөгү эң чоң туристтик маалымат базасын колдогон Эл аралык аба транспорту бирлиги менен чогу иликтөө жүргүзүп, тыянак чыгарып келет. Визалык чектөөлөрдүн индекси жыл сайын жарыяланып турат. Быйыл бул жаатта Германия биринчи орунду алды. Немистер 177 өлкөгө визасы жок бара алышат. Андан кийинки сапты Швеция, Финляндия, Франция жана Испания ээледи.

XS
SM
MD
LG