Ссылки доступа

Обама: Сирия боюнча пландын аткарылышына үмүт бар


АКШ президенти Барак Обама Сириядагы ок атууларды токтотуу планы аткарыларына үмүт артып жатканын билдирди.

Шаршембиде Вашингтондо журналисттерге маалымат берип жатып, Обама соңку кадамдарда жылыш болсо, Сирияда беш жылдык согушка чекит коюу боюнча саясий аракеттерге жол белгиледи.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сепгей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияда тынчтык орнотуу шарттарын бүгүн эки мамлекеттин жумушчу топтору талкуулай турганын билдирген. Керри Сириядагы ок атууларды токтотуу жараянын создуктурбоо керектигин, узакка уланып кете турган болсо аталган өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталбай калышы ыктымалдыгын кайталады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков акыркы эки күн аралыгында орус аба күчтөрү Сириядагы беш провинцияда эки жүздөй чабуул жасаганын, соккулардын саны кескин азайганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG