Ссылки доступа

Москвада Немцовду эскерүү акциясы өтөт


Москва шаардык бийлиги менен оппозиция 27-февралда Борис Немцовдун элесине арналган жүрүштү өткөрүүнүн жол-жоболорун талкуулашты.

Башкалаанын аймактык коопсуздук жана жемкордукка каршы күрөшүү департаментинин жетекчиси Алексей Майоров акциянын тартиби аныкталганын "Интерфакс" агенттигине билдирди.

Анын айтуусунда, жөө жүрүш Страстный гүл багынан Сретен бульвары, андан ары Сахаров көчөсүнө чейин болот.

Орусиядагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Вигаудас Ушацкас жана Батыш мамлекеттеринин 28 элчиси оппозициячыл саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жерге гүл чамбар кое тургандыктарын маалымдашты. Немцов былтыр 27-февралдын түнүндө Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG