Ссылки доступа

Стамбулда өзбекстандык имамдын өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты


Стамбул сотунда “Абдулла Бухари” деген ат менен таанымал 39 жаштагы өзбек имамы Мирзаголиб Хамидовдун өлүмү боюнча териштирүү уланууда.

“Тигран Капланов” каймана аты менен белгилүү болгон Умид Аминов кол салуунун негизги уюштуруучусу катары каралууда.

Түркиялык Yeni Shafak гезити маалымдагандай, “Тигран Капланов” Элдор Аслан аттуу адамга 200 миң доллар төлөп, имамды өлтүрүүгө буюртма бергени ачыкка чыкты. Ал эми акчаны жеткирген Собир Шукуровдун өзбек атайын кызматынын өкүлү экени айтылууда. Мирзаголиб Хамидов 2014-жылы Түркиядан башпаанек алган. Ушул эле жылдын декабрында аны Стамбулдун Зейтинбурну районунда атып кетишкен. Тергөөдө кол салуу Ташкен тараптан уюштурулганы тууралуу так далил жок. Бирок кылмыштын башкы күнөөкөрү делген Умид Аминовдун ысымы Швеция сотунда каралып жаткан өзбекстандык дагы бир имам Обид кары Назаровдун өлүмүнө байланышкан иште да айтылып жүрөт. Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлү делген Собир Шукуров Стамбулдагы өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салихтин үйүнүн жанында сүрөт тартып жүргөн кезинде дагы байкалган.

XS
SM
MD
LG