Ссылки доступа

Иран: добуштардын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарылды


Иранда шайлоодогу добуштардын токсон пайызы эсептелип бүттү.

Алдын ала жыйынтык реформатор талапкерлер Тегеранда кыйла озуп чыкканын көрсөтүүдө. Жума жана ишемби күндөрү ирандыктар өлкө парламенти - Межилистин депутаттарын жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрүн шайлады.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча президент Хасан Роуханини колдогон коалиция жеңишке жетишти. Роуханинин коалициясы жана анын өнөктөшү саналган мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани парламентте да, жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынан да көпчүлүктү алганы айтылууда. Бул коалиция Межилистеги 30 орундун баарына ээ болду. Айрым консерватор саясатчыларды колдогон шаарларда шайлоонун жыйынтыгы башкача.

Добуш берүүгө шайлоочулар активдүү катышканы айтылууда. Бул шайлоодо негизги күрөш бир тараптан эскичилдер менен катаал турумду кармангандар, экинчи жактан байистүүлөр менен реформачылар ортосунда, башкача айтканда, президент Хасан Раухани менен 1989-жылдан бери кызматта келе жаткан өлкөнүн диний лидери, аятолла Али Хаменеинин ортосунда жүрдү. Бул өлкөнүн болочок багытын аныктай алуучу окуя катары да сыпатталууда.

XS
SM
MD
LG