Ссылки доступа

“Оскар - 2016”: Леонардо Ди Каприо мыкты актер аталды


Быйыл “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты актер” номинациясы “Аман калган” тасмасында баш каарманды ойногон Леонардо Ди Каприого берилди.

Ал эми мыкты көркөм тасма деп “Көңүл чордонунда” фильми аталды.

Аялдар арасында биринчи пландагы “Эң мыкты актриса” наамы “Бөлмө” фильминде ойногон Бри Ларсонго ыйгарылды.

"Тыңчынын көпүрөсү" тасмасында экинчи пландагы эркектин мыкты ролун аткаргандыгы үчүн Марк Райлэнс, ал эми "Даниялык кыз" киносунда аялдын мыкты ролун аткарган Алиси Викандер "Оскар" сыйлыгын алышты.

Леонардо Ди Каприонун бул алгачкы “Оскары”. Ал буга чейин чоң сыйлыкка бир нече жолу көрсөтүлүп, бирок алалбай келген.

“Бөлмө” тасмасында ойногон Бри Ларсон “мыкты актриса” аталды.Марк Райлэнс “Тыңчы көпүрөсү” фильминде жараткан эмгеги үчүн “экинчи пландагы мыкты эркек ролу” номинациясын багындырды. “Даниялык кыз” тасмасында ойногон Алисия Викандер дагы экинчи пландагы мыкты актриса болду. “Баш айлантма” жылдын мыктыанимациялыктасмасы аталды.

XS
SM
MD
LG