Алар буга чейин ИМге байланышы бар деп соттолгон болчу.
Өзбекстандын Жизак облустук соту 19-февралда Авакянды 7 жылга, Жураевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми ушул эле топтун мүчөлөрү Бектемир Умурзаков 6 жылга, Дилшод Адимов жана Акмал Маматмурадов 5 жарым жылга түрмөгө кесилген.
Өкүм чыккандан бир жума өткөндөн кийин Фурхад Жураевдин энеси Махтума Жураева “Азаттыктын” тажик кызматына 4-сентябрда уулун мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мыйзамсыз кармап кеткенин ачыктаган. 40 күн бою анын дайын-дареги билинбегенин кошумчалаган.
Анын айтымында, атайын кызмат ИМ боюнча айыптарды мойнуна жүктөө үчүн Фурхад Жураевди убактылуу кармоо жайында кыйнашкан.