Ссылки доступа

Тажикстан: бозгун полковниктин кайненеси кызынын өз алдынча Сирияга кеткенине ишенбейт


Качкын полковник Гулмурод Халимовдун экинчи аялы Хумайро Мированын энеси Рисолат Ашурова кызын Сириядан кайтарып берүү өтүнүчү менен Тажикстандын укук коргоо органдарына кайрылды.

Ал кызынын эч кимдин жардамысыз өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн эместигин айтууда. Ошондой эле күйөө баласы Гулмурод Халимов “Ислам мамлекети” тобуна кирип кеткенден кийин, Хумайро өтө чоң психологиялык басымда калганын билдирди.

26-февралда тажик бийлиги Хумайро Мирова төрт баласы менен Сириядагы күйөөсүнө жол тартып, анын менен бирге ИМ тобуна кошулуп кеткенин жарыялаган.

Рисолат Ашурова окуядан кийин баласы Шохназар бир жумадан бери убактылуу тергөө жайында кармалып турганын, мындан тышкары Хумайронун эки эжеси жана жээндери дагы камакка алынганын маалымдады. Алардын бири милициянын атайын бөлүгүнүн кызматкери. Ал качкын полковниктин жубайын Сириянын чек арасына чейин жеткирген деп шектелүүдө.

АКШ жана Орусияда террорчулукка каршы күрөшүү боюнча окуулардан өткөн, Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкери мурдагы кол башчысы Гулмурод Халимов Сирияга былтыр апрелде чыгып кеткен. Кийинчерээк “жихад” менен өлкөсүнө кайтып келери жазылган видеокайрылуу жолдогон болчу.

XS
SM
MD
LG