Алкыш күнү жылнаамага казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен киргизилген. 2015-жылдын апрель айында Казакстан Эл Ассамблеясынын сессиясында 1-мартты “алкыш” күнү деп жарыялоону сунуштаган. Президенттин пикиринде, бул дата этностордун бири-бирине болгон айкөлдүгүн, аларды кабыл алган казактарга ыраазычылыгын даңазалайт. Казакстан өткөн кылымда азып-тозгон миңдеген качкындарды кабыл алганын эске салган. Бул күндүн урматына ар түрдүү иш-чаралар белгиленген. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда бүгүн Астанада салтанаттуу жыйын өтөт. Өлкө башчы Казакстан митрополити Александр менен жолугушат.
Бул дата дем алыш болуп эсептелбейт.