Ссылки доступа

Тажикстанда “Улут көсөмү” тууралуу лекциялар окулууда


Тажик улуттук университетинин кээ бир факультеттеринде февралдан тарта “Эмомали Рахмон – жаңы Тажикстандын негиздөөчүсү” деген темада лекциялар өтүүдө.

Анда Рахмондун бийликке келгени, анын тушунда өлкөдө тынчтык орнотуу тууралуу көрүлгөн чаралар тууралуу сөз козголууда. Ошону менен бирге президент жазган китептердин мазмуну түшүндүрүлүп жатат. Лекциялардын айрымдары “Улут көсөмү” деп аталат.

Улуттук университеттин тарых факультетинин деканы Саймиддин Ражабов маалымдагандай, лекцияларда “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмү жөнүндөгү” мыйзамга түшүндүрмө берилет.

Ражабовдун айтымында, азыр университеттин башкармалыгы аны өзүнчө сабак катары окуу усулуна киргизүүмаселесин Билим берүү жана илим министрлиги менен талкуулоодо.

Былтыр Тажикстанда президентке “Улут көсөмү” макамын ыйгаруу тууралуу мыйзам кабыл алынып, ага декабрда Эмомали Рахмон кол койгон. Анда президентке жана анын жакындарына өзгөчө укуктар берилген. Эмомали Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келүүдө.

XS
SM
MD
LG