Бул тууралуу ал дипломатиялык миссиялардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Ок атууларды токтотуу тууралуу макулдашуу 26-февралдын түнүндө күчүнө кирген.
Назарбаев Сириядагы согуш бүткүл ааламга терс таасирин тийгизе турганын белгиледи.
“Биз Орусия менен АКШнын ортосундагы мунапысты кубаттайбыз. Макулдашуулардын аткарылышы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салууга көмөктөшөт деген ишеничтебиз”,-деп айтылат Назарбаевдин акимчилиги тараткан билдирүүдө.
Президент Казакстанда аз байытылган уран банкын жайгаштыруу тууралуу келишимдин маанисине да токтолду. Расмий Астана менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы документке былтыр августта кол коюлган. Аз байытылган уран банкын Өскемен шаарындагы Үлба металл заводунун аймагына жайгаштыруу максат кылынууда.