29-февралда “Октябрское поле” метросунун жанында колуна баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн келин кармалган. Кийин ал Орусияга Өзбекстандан келип, бала багуучу болуп иштеп жүргөнү аныкталган.
Ушул апта ичинде Бобокуловага адам өлтүрүү, өрттөө жана терактжөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу беренелери боюнча айып тагылары күтүлүүдө.
Маалымат каражаттарыайыпталуучу психикалык жактан оорулуу экенин жана ата-энеси ошон үчүн балдарын тартып алышканын жазып чыгышты. Тергөө уланууда.