Ссылки доступа

Кыргызстан: бизнес Орусиянын эл аралык жаңжалдарынан зыян тартууда


Орусиянын Түркия жана Украина менен конфликттери Кыргызстанга жүк жеткирүү тармагына терс таасирин тийгизип жатат.

Жүк ташуучулар 2015-жылдын ноябрынан тартып көйгөйгө кабылып, Түркиядан тартылып келаткан товарлар Орусиянын чек арасында кармала баштады.

Орусия былтыр ноябрдын этегиндеТүркия Сирия менен чек арасынан СУ-24 согуштук учагын атып түшүргөндөн кийин жогоркудай кадамга барды.

Ушундай маселе быйылкы жылдын башында Москва өз аймагынан украиналык жүктү алып өтүүгө тыюу салгандан кийин да жаралды.

Эл аралык автожүк ташуучулар бирлигинин аткаруучу директоруТемир Ниязбеков Кыргызстанга Украина менен Түркиядан Орусиянын аймагы аркылуу товар өткөрүү дээрлик токтоп калганын жарыялады. Анын айтуусунда, тиешелүү документтердин бар экенине карабай Орусия жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат. Кремль Борбор Азияга баруучу украин товарларын Белорусаркылуу ташууну сунуштаган. Бирок бир катар көйгөйлөргө жана каржынын көбөйүп кетишине байланыштуу аны ишке ашыруу кыйын болууда.

Кыргыз өкмөтү бул маселеден кабардар болгону менен анын качан чечилери белгисиз экенин айтышат ишкерлер.

XS
SM
MD
LG