Ссылки доступа

АКШ Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты


АКШ президенти Барак Обама Украинадагы кырдаалга жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты.

Ак үй тараткан билдирүүдө, Орусиянын Украина боюнча саясаты анын тынчтыгына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө, туруктуулугуна, эгемендигине коркунуч жаратып жатканы айтылган. Ошондой эле бул аракеттер АКШнын улуттук коопсуздугу менен тышкы саясаты үчүн да кооптуу экени белгиленген.

Мындан улам Американын президенти санкцияларды 2017-жылдын 6-мартына чейин узартуу чечимин чыгарды.

XS
SM
MD
LG