Ссылки доступа

ЮНИСЕФ Иранда кармалган мурдагы кызматкеринин тагдырына кабатыр


Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) Ирандын бийлиги камакка алган мурдагы кызматкеринин саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирди.

Бакер Намази 22-февралда камалып, Тегерандагы «Эвин» түрмөсүнө жеткирилген. Бул абакта былтыр октябрдан бери анын баласы Сиамак да жазасын өтөөдө. Ата-бала Намазилер Иран менен АКШ жарандыгына ээ.

80 жаштагы Бакер Намази пенсияга чыкканга чейин 1996-жылы Ирандагы провинциялардын биринде губернатор болуп иштеп, ЮНИСЕФтин бир топ Африка өлкөлөрүндөгү өкүлү кызматын аркалаган.

«Бакердин ден-соолугунун начарлап кеткенине тынчсызданып жатабыз. Жакынкы күндөрдө бошотулуп, үй-бүлөсүнө барат деген ишенимдебиз», -деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

Бакер Намазинин аялы анын жүрөгү оорукчан экенин жана ар дайым медициналык кароого муктаждыгын маалымдаган. Азырынча Бакер менен анын уулуна расмий айып тагыла элек. Сиамак Намазинин тарапташтары ал саясий оюндун курмандыгы болгонун айтышууда.

Өткөн аптада Иранда болгон парламенттик шайлоолор президент Хасан Роуханинин жактоочуларынын позицияларын бекемдеди.

XS
SM
MD
LG