Ак үйдөн кабарлашкандай, Обама Ооганстандагы жана башка аймактагы туруктуулукту орнотууга, зомбулуктарды азайтууга өбөлгө болуучу тынчтык сүйлөшүүлөрдү кубаттай турганын билдирди.
Ошондой эле талиптер менен элдешүү жараянын алга жылдырууда жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы коңшулар менен алакада Ашраф Ганинин салымы чоң экенин белгиледи.
Видеконференцияга АКШнын вице-президенти Жо Байден, ооган премьер-министри Абдулла Абдулла да катышты. Америка президенти Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн террорчулукка каршы күрөштөгү каармандыгы үчүн мактады.