Ссылки доступа

Талиптер тажик чек арачыларына кол салышты


Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тажик-ооган чек арасында куралчан кагылышуу болгонун билдирди. Натыйжада аскер кызматкери Сухроб Сафолов мерт кетти.

Операциянын жүрүшүндө 9 адам жок кылынып, экстермистик топтун мүчөсү, молдо Фасхиддин валади Курбон жана дагы бир согушкер жаракат алды.

Ооганстандын жергиликтүү бийлиги кабарлагандай, Тажикстандын чек арачылары менен 5-мартта “Паяндж” чөлкөмүндө ок атышкан куралчан топ “Талибан” экстермистик кыймылына таандык.

Уездин админстрациясынын башчысы Имам-Сахиб Амонуддин Курайши билдиргендей, Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы бул аймак “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин көзөмөлүндө. Анын айтымында, экстремистик топ Кундуз провинциясындагы Имам-Сахиб уездине таандык жердин 30 % бутага алып турат.

XS
SM
MD
LG