Ссылки доступа

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө


Борбордогу акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 71,9 сомдон сатылууда. Сатып алуу баасы 71,6 сомдон жүрүүдө.

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалымат боюнча, доллар 0,02 пайызга төмөндөп, 1 доллар 72,71 сом чегинде көрсөтүлдү.

Евро 0,60 пайызга жогорулап 79,54 сомдон сатылууда. Ал эми жеке акча алмаштыруучу жайларда 1 евро 78,5 сомго барабар болуп турат.

Орус рубли борбор калаада 1,02 сом деп көрсөтүлсө, казак теңгеси 0,211 сомдон сатылууда.

Март айынын ичинде Улуттук банк валюта базарынан 15 млн. 450 миң доллар сатып алды. Бул АКШ валютасынын курсунун кескин төмөндөөсүнө жол бербөө үчүн жасалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG